Жогорку окуу жайлардын жетекчилери студенттердин паспортторун чогултуп, партияларды колдоого үндөп жатышканы айтылды

"Жогорку окуу жайлардын жетекчилери студенттердин паспортторун чогултуп, бир партияны колдоого үндөп жатышат". Муну бүгүн, 29-сентябрда Шайлоону көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акун жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, шайлоону өткөрүүдө административдик ресурстарды колдонуу фактылары дагы деле жашыруун түрдө болууда.

"Президент Алмазбек Атамбаевдин "шайлоону өткөрүүдө административдик ресурстарды колдонгон жетекчилерге, мамлекеттик чиновниктерге катуу жаза колдонулат" деп айтканы кубанта турган нерсе. Бирок ага карабай мекемелердин, ишканалардын, жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери, мектептин директорлору кол алдында иштеген кызматкерлерине көрсөтмө берип, алар каалаган партияга добуш берүүсүн түрдүү жолдор жана ыкмалар менен талап кылышууда. Дагы деле өлкө башчынын позициясына каршы аракеттер болуп жатканы бизди өкүндүрөт",- деди байкоочу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан