27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын стадионунда "Бир бол" партиясынын лидерлеринин шайлоочулар менен жолугушуусу өттү. Эл алдына "Бир бол" партиясынын талапкерлери Алтынбек Сулайманов, Нурбек Мурашев, Мавлян Амракулов, Нурболот Мирзахмедов, Махудимхан Курбанова, Нурмухамбет Мамбеталиевдер чыгып сөз сүйлөшкөнүн партиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Алтынбек Сулайманов: "Биз элге балык эмес, кайырмак берели деп жатабыз. Биз, профессионалдар командасы, шайлоодо утуп келгенден кийин жоопкерчиликти алганга даярбыз. Жасай турган иштерибизди буга чейин жасап келгенбиз, мындан ары да жасайбыз деп алдыңыздарга келип отурабыз. Акыркы күндөрү телеканалдардан көрүп, талапкерлердин берген убадаларынан тажап турган чагыбыз. Биздин досторубуз, атаандаштарыбыз түрдүү багыттарын, көз караштарын айтып жатышат, кээ бири колунан келеби, аткарылабы-жокпу, убада берип жатышат. Биз андай популисттик сөздөрдөн алыспыз, сөзүбүзгө турабыз, убадага турабыз деп жатабыз. Сиздерге берген убада, биз үчүн ант",- деп билдирди.
28-сентябрда Сокулук районунун Манас айылында Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Акылбек Жапаров, Марс Саккараев жана башкалар жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Чолпон Жакупова депутаттыкка алгачкы жолу аттанып жатканын, "Бир бол" саясий партиясынын программасында укук коргоо органдарын, сот системин, прокуратураны өзгөртүүгө багытталган бүтүндөй блок жазылганын айтты. Карапайым эл өзүн өзү коргой албай, түзүлгөн системди түп-тамырынан өзгөртүү зарыл экенин белгиледи. “Парламентте сапаттуу мыйзам жазган адамдар отурушу зарыл, силердин укугуңарды коргоп, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөй турган адамдар керек”,- деди талапкер.
Акылбек Жапаров жакынкы 3 жыл ичинде айлык акы менен пенсия Орусиядагыдай болушу керектигин айтып, "Бир бол" партиясынын программасы боюнча жаңы 70 миң жумуш орундары түзүлөрүн белгиледи.
Базар-Коргон жана Сокулук райондорунун жашоочулары "Бир бол" партиясын колдошорун билдиришкени айтылат маалыматта.