“Ташиевдин шыр эле талапкерликтен алынышы суроо жаратууда” дейт серепчи Бакыт Бакетаев

“Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиевди шыр эле талапкерлердин тизмесинен чыгарып салганы эл арасында суроо жаратууда”. Мындай пикирин бүгүн, 29-сентябрда Шайлоону көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңештин мүчөсү Бакыт Бакетаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы кээ бир кылмыш иши козголгон депутаттыкка талапкерлер боюнча башкача чечимдерди кабыл алган.

Билебиз, БШКнын көптөгөн жыйындарында ар кайсы депутаттардын буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келип, аларды тизмеден чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен. Буга БШК мүчөлөрү “жок, булар шайлоого катышышы керек, териштирүү иштериңерди шайлоо бүткөндөн кийин жүргүзө бересиңер” деп жооп кылышкан”,- дейт Бакетаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан