Жоомартбек Жумабеков Мамлекеттик материалдык резерв фондунун төрагасы болуп
дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы
Темир Сариев кол койгонун 1-октябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Жумабеков буга чейин өкмөттүк аппараттын агрардык өндүрүш комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Ал эми фонддун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышып жаткандыктан, 21-августта кызматынан бошотулган.