Үгүт ишине дин аалымын аралаштырганы үчүн "Кыргызстан" партиясына эскертүү берилди

Белгилүү дин ишмери Чубак ажы Жалиловду үгүт ишине аралаштырганы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" саясий партиясына эскертүү берди. Мындай чечим бүгүн, 1-октябрда БШКнын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Чубак ажы Жалилов муфтияттын Уламалар кеңешинин мүчөсү болгондуктан, анын үгүт иштерине катышууга мыйзам боюнча укугу жок экени айтылды. Жыйында айтылгандай, буга чейин аталган дин ишмери кайсы бир талапкерди колдоо маанисинде коомчулук алдында сөз сүйлөгөнү үчүн эскертүү алган. Ага да карабай айрым гезиттерде жана интернет-сайттарында анын кайсы бир партиянын талапкерин мактаган маеги жарыяланып жатканын айтышты комиссия мүчөлөрү.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан