Бүгүн Ички иштер министрлигинин 180 кызматкери үйлүү болот

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үч турак үйдү тапшыруу аземи болот. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышып, өз колу менен ИИМдин 180 кызматкерине үйдүн ачкычтарын тапшырат. Салынган турак үйлөрдүн 108и - 1 бөлмөлүү, калган 72си - 2 бөлмөлүү. Курулуш иштерине жалпы 258 миллион сом сарпталып, 6 айда курулуп бүткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан