Канат Керезбеков: "4-октябрда парламентти гана эмес, өлкөнүн келечегин да тандайбыз"

"4- октябрда биз сиздер менен чогуу парламентти гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй келечегин тандайбыз",- деп билдирди СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канат Керезбеков Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушууда. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы эң эркин жана демократиялык мамлекет деп эсептелерин айтат. "Биз жакынкы аралыкта баса турган жолубузду тандайбыз. Биздин өлкөнүн ири потенциалы жана олуттуу амбициясы бар. СДПК Кыргызстан эртеңки күнү Борбор Азиядагы жашоого эң ыңгайлуу өлкөгө айланышы үчүн иштеп жатат",- дейт Керезбеков.

Талапкер "Биз биргеликте - Кыргызстан" деген ураандын астында улуттук ынтымак жана биримдик менен жыргалчылыкка жетишүүгө мүмкүн экенин белгиледи. Партиянын аталышында партиянын иши жана идеологиясы чагылдырылганын, социал-демократтардын идея жана принциптери адилеттүүлүк, эркиндик жана демократия аркылуу чагылдырылып жатканын кошумчалайт Керезбеков.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан