Асылбек Жээнбеков: "Жаңы эреже менен добуш берүү шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербеди"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоочу катары келген Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссиясын кабыл алды. 
Жээнбеков КМШ ПАА өзүнө мүчө мамлекеттердеги шайлоолорго мониторинг жүргүзүү жаатында кыйла тажрыйба топтоп калганын белгиледи. 
"Мурдагы бийлик тушунда шайлоочулардын добушун сатып алуунун жана айлампа жасоонун жедеп кынуусун алган айрым адамдардын катуу каршылыгына карабастан, Кыргызстанда туруктуулук менен өсүп-өнүгүүнү камсыз кылуу максатында, ачык-айкын жана таза шайлоо өткөрүлдү. Шайлоочулардын керт башын так аныктоо үчүн биринчи жолу автоматташтырылган жаӊы технологиялар колдонулду. Мындай аракеттер шайлоо жүрүмүн бузуу, анын жыйынтыктарын бурмалоо жосундарынан арылууга мүмкүнчүлүк берди",- деди спикер.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан