Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн түзүлүшүнүн 97 жылдыгын белгилешти

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн түзүлүшүнүн 97 жылдыгын белгилешти. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ИИМ башчысы Мелис Турганбаев кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, алардын мыктыларын атайын белектер менен сыйлады.
“Ыкчам кызматкердин күнүмдүк жумушу системдик эмгекти, жогорку адискөйлүктү, билимди, интуицияны жана башка көптөгөн сапаттарды талап кылат. Аларсыз чыныгы кылмыш иликтөөнүн кызматкери болуш мүмкүн эмес”,- деди министр өз сөзүндө.
ИИМден белгилеп кетишкендей, дал ушул Кылмыш иликтөө бөлүмүнөн чыккан кызматкерлер Ички иштер министрлигинде жетектөөчү орундарда иштеп келишет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Anarbek2015
2015-10-06 10:48:18
Майрамыныздар урматту опер кызматкерлери
0
mts0001
2015-10-06 18:14:04
майрамыныздар кут болсун урматтуу опер кызаткерлери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан