БШК шайлоонун жыйынтыгы боюнча Мадумаровдун айткандарын четке какты

Парламенттик шайлоодо жетиштүү добушка ээ болбой калган "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров партия Ош жана Жалал-Абад облустарында алган добуштарын кол менен санап чыгып, автоматтык эсептөөнүн ортосунда 37 миң айырмачылык чыкканын бүгүн маалымат каражаттарына билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов анын айткандарын четке кагып, эки облустан мынчалык айырмачылык чыгышы мүмкүн эместигин SUPER.KG'ге айтты. "Электрондук менен колго саноонун ортосунда 37 миң добуш айырмачылык чыгышы мүмкүн эмес. Албетте, айырмачылык болушу мүмкүн, бирок өтө эле аз болот. Мадумаровдун айткандарын биз да түшүнө албай жатабыз. Бүгүн арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болгондуктан, добуштарды эртеңден тартып колго санап баштайбыз. Мына ошондо көрөбүз",- деди Акматов.  
Эскерте кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке 6 партия өттү. Калган 8 партия 7 пайыздык босоголук чекти басып өтө албай калды. Алардын арасында "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы да бар. Шайлоого жалпы 14 партия катышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан