Бүгүн, 6-октябрда өкмөттө Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча жыйын өттү. Анда кенди иштетүүгө байланыштуу сынактын тартиби жана шарттары талкууланганы, премьер-министр Темир Сариев бул долбоорду ишке ашырууну тезинен баштоо керектигин билдиргени айтылды.
“Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги иш, анткени кубаттуу жаңы жылуулук борбору курулуп, кенди толук кандуу иштетүүгө шарт түзүлөт. Бишкек жылуулук борборун толук кандуу көмүр менен камсыз кылууга шарт түзүлөт”,- деди Сариев.
Жыйында Кара-Кечени иштетүү боюнча сынак өткөрүүгө жобо даярдалып жатканы айтылды. Долбоорго байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар маалымат беришти.