Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда бүгүн, 6-октябрда калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча тегерек стол өттү. Темасы: "Амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыздоо үчүн жеңилдетилген программа". Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин, Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
"Тегерек столдо жеңилдетилген программаларды модернизациялоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте чече турган көйгөйлөргө басым жасалды",- деп айтылат маалыматта.