Абдраимов: "БШК добуштарды Мадумаровдун маңдайына коюп алып санап чыгууга даяр"

"БШК добуштарды Мадумаровдун маңдайына коюп алып санап чыгууга даяр". Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 6-октябрда өткөн жыйында айтканын мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Абдраимов "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тең төрагасы Мадумаровдун "Ош жана Жалал-Абад облустарында алган добуштарын кол менен санап чыгып, автоматтык эсептөөнүн ортосунда 37 миң айырмачылык чыкты" деп айтканын провокация деди.
"Партиянын дагы бир тең төрагасы Аскар Салымбеков БШКга кайрылды. Биз аларга кат менен кайрылуу керектигин, андан соң күмөн санаткан шайлоо участкаларындагы добуштарды кол менен санап берүүгө даяр экендигибизди айттык. Биз Кара-Суу районуна байланышка чыгып, добуштарды кол менен санатып чыктык, бирок эч кандай айырмачылык чыккан жок",- деди Абдраимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан