Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди бүгүнкү туулган күнү менен куттуктады. Президенттин куттуктоосунда Орусиянын динамикалуу жана көп тараптуу өнүгүүсү, эл аралык кадыр-баркынын бекемделиши Путиндин жогорку мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу экени айтылат. "Сиздин кажыбас кайратыңыз, лидерлик сапатыңыз жана өзгөчө жөндөмдүүлүгүңүз боордош орус элинин жыргалчылыгына жана гүлдөп өнүгүшүнө мүмкүндүк берерине ишенем",- деп айтылат куттуктоодо.
Президент кесиптешине бекем ден соолук, бакыт жана мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалады.