Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга учуп кетти. Президенттик аппараттын билдиришинче, өлкө башчы Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт. Анда мамлекет жетекчилери кыргыз-орус кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, түрдүү тармактарда, мунун ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара көмөктөшүү жолдору тууралуу пикир алышары айтылды.