Эльвира Сариева авариялык абалдагы мектептердин ордуна жана чатырларда окугандар үчүн жаңы мектептер курулуп жатканын айтты

Бүгүн, 7-октябрдагы маалымат жыйынында билим берүү министри Эльвира Сариева өлкө аймагындагы билим берүү мекемелеринин курулушу тууралуу маалымат берди. 
Билим берүү министринин айтымында, жаңы мектептер авариялык абалдагы объектилердин, чатырда билим берип жаткан мекемелердин ордуна курулуп жатат.

Эльвира Сариева: “Билим берүү жана илим министрлиги ӨКМ, Мамлекеттик курулуш, архитектура агенттиги менен биргеликте 3000ге жакын мектептерди текшерди. Өкмөт атайын программа кабыл алып, авариялык абалдагы мектептерди оңдоо чечимин кабыл алган. 100 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалган. Жыл соңуна чейин 70 мектептин курулушу бүтүп, колдонууга берилет”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан