4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого карата 3-6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына 31 арыз түшүп, мунун төртөөсү сотто каралды. БШКдан 7-октябрда билдиришкендей, арыздардын бири да канааттандырылган жок.
"Арыз, даттануулардын көбү имараттан тышкары аймакта добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө арыздарга кол коюлбаганы, шайлоочулардын тизмеден өздөрүн таппай калуусу, саясий партиялардан байкоочуларды каттоодон баш тартуу, шайлоо участкаларында үгүт иштерин жүргүзүү, добуш берүүчүлөрдү шайлоо участкаларына ташуу, добуш сатып алуу, техникалык катачылыктардан улам шайлоочулардын добуш берүүгө киргизилбей калышы тууралуу болду. Арыздардын бир тобун кароо башка мекемелерге тийиштүү болгондуктан, алардын Мамлекеттик каттоо кызматына жана Ички иштер министрлигине жөнөтүү чечими кабыл алынды",- деп билдирет БШК.
"Республика - Ата Журт", "Ар-намыс" партияларынын жана "Таза шайлоо" уюмунун арыздарына БШК өз мөөнөтүндө жооп берери айтылды.