Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга барды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда иш сапары менен Орусиянын Сочи шаарына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Мамлекет башчылары кыргыз-орусиялык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ар кыл тармактарда, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулашат.
Эскерте кетсек, Орусия президенти Путин бүгүн 63 жашка толду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан