Нарын облусунун Ат-Башы ГЭСин жаңылоо иштери жүрүүдө. Муну аталган облустун башчысы Аманбай Кайыпов 7-октябрда Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рене Холенштайн менен жолугушууда билдиргенин обладминистрациядан кабарлашты.
Кайыпов белгилегендей, жаңылоо иштери бүтсө, ГЭСтин кубаттуулугу 10 пайызга өсөт. "Бүгүнкү күндө аймакта калкты таза суу менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлор ишке ашырылууда. Таза суу көйгөйүн чечүүгө Европа өнүктүрүү банкы 6 миллион 200 миң евро бөлүүдө, мунун 4 миллион 200 миңи гранттык негизде берилет, калганы насыя",- деди облус башчы.
Жолугушууга катышкан элчиликтин "Саламаттыкты сактоо" программасынын координатору Эльвира Мураталиева жаш дарыгерлерге жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүшү керектигин белгиледи. "Жыл сайын Медициналык академияны 500-600 ординатор бүтүрөт. Алар аймактарга бөлүштүрүлүп, 2 жыл жергиликтүү оорукана, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тажрыйбадан өтүшөт. Аларды колдоо жана үй менен камсыз кылуу шарт",- деди Мураталиева.