Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов борбор шаардагы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына барды. Министр окуу жайдын кичи залынын материалдык-техникалык базасынын абалын, спорттук, концерттик чоң залын, музейин жана китепканасын көрүп чыкканын бүгүн, 8-октябрда билдиришти министрликтен.
Максүтов окуу жайдын жетекчилигинен консерваторияда канча музыкалык аспап, канча музыкалык адабияттар бар экенин сурап, педагогикалык курамдын квалификациялык деңгээлине кызыкканы айтылды. Жыйынтыгында окуу жайдын материалдык-техникалык базасына канааттанганын белгиледи министр.