БШК. Жаңы шайланган депутаттарга качан мандат берилери белгисиз

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарына качан мандат берилери белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 26-октябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын билдиришинче, Жогорку Сот "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын арызы боюнча кабыл алган чечимин БШКга алып келе элек. 

"Жогорку Сот "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын арызын канааттандырып, БШКнын чечимин жокко чыгарган, бирок чечим БШКга келе элек. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту да "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын арызын канааттандырган. Райондук соттун чечимин Жогорку Сот карай элек. Ошондуктан депутаттарга кайсы күнү мандат бериле турганы белгисиз",- деди Акматов. 

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жумада депутаттарга мандат бериле турганын билдирген.

Айта кетсек, 4-октябрда өткөн шайлоодо парламентке 6 партия өтүп, жыйынтыгы 15-октябрда жарыяланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан