Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдары нотариат институтун өнүктүрүү концепциясын бекитти. Мекемеден 26-октябрда билдиришкендей, аталган документте негизги базалык принциптер, максаттар менен милдеттер камтылып, алар системди өнүктүрүүгө гана эмес, тармактагы мыйзамдарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга багытталган.
"Бүгүнкү күндө нотариат жарандык юридикция системинде орундун жоктугу, укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүүдө нотариаттын потенциалынын бааланбай калышы өңдүү көйгөйлөргө кабылууда. Муну менен катар нотариат жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу институт болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.
Концепция жарандык юридикцияда нотариустардын ролун жана укуктук статусун көтөрүү милдеттерин ишке ашырмакчы. Нотариустардын чечимдери соттук чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде каралышы керектиги айтылууда.