"Шайлоонун жыйынтыгына болжолдуу 36 миң шайлоочунун добушу кошулбай калды, ал добуштар кайда калганы белгисиз". Мындай пикирди бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин экс-депутаты, аталган партиядан талапкер болуп чыккан Надира Нарматова билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууда миңдеген добуштун дайыны табылбай жатат.
"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын 137 980 шайлоочунун алдында жүзү жарык. Ар бир шайлоочуга ыраазычылык билдиребиз. Кара өзгөй адамдардын арасында чыркыраган чындыкты айтып жатабыз. Элибиз баарын көрүп, билип турат. Канчалаган добуштар уурдалып кетти",- деди Нарматова.