Жогорку Кеңештин VI чакырылышында жаңы иш баштап жаткан КСДП фракциясы депутаттык кол тийбестик жана кызматтык унаадан баш тартуу чечимине келди. Мындай чечим бүгүн, 28-октябрда фракциянын жыйынында кабыл алынды. Фракция мүчөлөрү эки жардамчысынын биринен баш тартууга да макул болушту.
Эскерте кетсек, жаңы шайланган парламент депутаттары бүгүн ант берип, мандат алышып, ишин расмий башташты. Учурда фракциялардын ички түзүмү боюнча маселе каралганы жатат.