Жогорку Кеңештин VI чакырылышында жаңы иш баштаган "Ата Мекен" фракциясы депутаттык кол тийбестиктен баш тартат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда партиянын маалымат кызматынан билдиришти. Бүгүн ушундай эле чечимди КСДП фракциясы да кабыл алды. КСДПнын мүчөлөрү кол тийбестик менен катар кызматтык унаадан да баш тартышарын билдиришти.
Бул маселеде башка фракциялардын так позициясы азырынча белгисиз. Шайлоого чейин партиялардын дээрлик көбү кызматтык унаа, батир жана кол тийбестиктен баш тартууга даяр экенин билдирип келишкен. "Республика - Ата Журт" партиясы мындай идеяны башкы ураандарынын бири катары колдонгон.