Кыргыз мамлекетинде 2014-жылдын апрель айынан бери сандардын ордуна сөз жазылган 6 мамлекеттик автоунаа номуру сатылды. Номурларды сатуудан түшкөн каражат республикалык бюджетке кошулганын, мындай номурлардын баасы 100 миң сомдон экенин эскертет Мамлекеттик каттоо кызматы. "Мындай номурларды Кыргыз Республикасынын ар бир жараны сатып алууга укуктуу",- деп билдирет мекеме. Маалыматка таянсак, сатылган өзгөчө номурлар булар: VIP, VIVAT, BOSS, MMM, LEADER, BIRBOL.