"Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузган эки кыргыз жана эки өзбек жарандарын кармашты

Кадамжай районунун Насыр-Абад айылынын четинде "Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары 28-октябрда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын эки жаранын, ошондой эле мамлекеттик чек ара тартибин бузган эки кыргыз жаранын кармашкан. Кармалгандар өздүгүн тастыктаган документтери жок Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстан тарапка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын өткөрүү жайынан тышкары жерден кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган Өзбекстандын эки жараны ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кыргыз жарандары мамлекеттик чек ара тартибин бузгандары үчүн Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 389-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан