"Ата Мекен" фракциясы бир гана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевди ордунда калтырууну сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 3-ноябрда аталган фракциянын катчысы Ильич Кулназаров билдирди. Анын билдиришинче, мындай сунуш фракциянын парламенттеги депутаттарынын санына жараша болду.
Ал эми фракция өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырганын кошумчалады. "Фракция мүчөлөрү Сариевдин аткарган иштерин жана алдыдагы пландары боюнча маалымат алып, жыйынтыгында анын талапкерлигин колдоого алышты",- деди Кулназаров.
Жыйын жабык эшик артында өтүп, журналисттер киргизилген жок.