Кыргыз өлкөсүндө 168,2 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт. Бул калктын 2,9 пайызын түзөт. Мындай маалыматты 13-ноябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жыл сайын майыптыгы бар адамдардын саны өсүп жатат. 2012-жылы алардын саны 149,7 миң болсо, 2013-жылы көрсөткүч 8,6 пайызга, 2014-жылы 3,5 пайызга өскөн. Калкты эффективдүү коргоого багытталган бюджеттик каражаттардын чыгашасы да өсүүдө. 2014-жылы республикалык бюджеттен 7331,6 миллион сомго чыгаша болуп, 2013-жылга салыштырмалуу 813,7 миллион сомго көп болгон.