АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияда “чоң жыйырмалыктын” саммитинде жолугуп, расмий эмес сүйлөшүү өткөрүштү.
Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, 15-ноябрда орун алып, 35 мүнөткө созулган сүйлөшүүдө эки лидер Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн сириялыктардын өздөрүнүн жетегинде маселени саясий жол менен чечүүгө өтүү керектигине макул болушту. Эки лидер Украинадагы чатакты да талкуулашты.
Түркиядагы саммитте Париждеги террордук чабуулдар да каралды. АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин жардамчысы Бен Родс Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекетине" чабуулду күчөтүү үчүн АКШ Франция менен бирге аракеттенерин билдирди.