№50-СИЗОдон кармалгандарды качырууну өлкөнүн бийлигиндеги айрым күчтөр милициянын тиешелүү өкүлдөрүнүн жардамы менен уюштурушкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө укук коргоочу, адвокат Токтайым Үмөталиева билдирди.
Анын айтымында, аталган операцияны уюштургандар учурда тергөөнү өзүнө керектүү нукка буруп жатышат. “Биздин милдетибиз - тергөөнү башка жакка бурдурбоо. Түрмөдөн качкандардын туугандарына жана жакындарына басым жасалып, аларды жалган маалымат берүүгө түртүшүүдө. Мындан тышкары Эдил Абдрахмановду тирүү карматкан милиционерлерге да басым көрсөтүлүп жатат”,- деди укук коргоочу.
Андан соң ал түрмөдөн качыруу кандай максат менен уюштурулганы тууралуу өз пикирин билдирди. “№50-СИЗОдон Азамат Мусуралиевди жана Абдулла Юсуповду качырып, кийин өлтүрүү максаты менен операция уюштурулган. Анткени булар мародёрчулук тууралуу документтерди уурдоо кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар болушкан”,- деген оюн айтты Үмөталиева.