Бишкекте 16 жаштагы Мээрим Бекжанова изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мээрим 29-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Белгилери: бою 154-156 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы, көзү кара. Жеңи кызыл спорттук күрмө, көк түстүү жынсы шым, кызыл түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Эгер изделип жаткан кыздын кайсы жерде жүргөнү тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, 43-28-15, (0551) 102 805, (0701) 411 509, (0557) 201 168, (0550) 102 872, (0772) 102 201 телефон номурлары аркылуу кайрылуу зарыл. Купуялык кепилденет.