Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жаш кыздын өлүмүнө шектүү боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, Кара-Көл шаардык сотунун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, кылмыш ишинин тергөөсүнүн жыйынтыгы менен айыпталуучунун күнөөсү соттук экспертизалардын корутундулары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, далил буюмдардын негизинде толугу менен далилденип, айыпталуучуга "адам өлтүрүү", "зордуктоо", "каракчылык" беренелери менен айыбы угузулуп, кылмыш иши Кара-Көл шаардык сотунун кароосуна жиберилди.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 25-сентябрында саат 15:20 чамасында Кара-Көл шаарынын “Энергетик” сейил багынын чыгыш тарабынан жип менен муунтулуп, кийимдери чечилген абалда, киши колдуу болгон Кара-Көл шаарынын 2004-жылы туулган тургуну, Ч.Түлөбердиев атындагы №2-орто мектебинин 6-классынын окуучусунун жансыз денеси табылган.
26-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда 11 жолу ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон Токтогул районунун 35 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.