Кечээ, 19-ноябрда Бишкекте аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди өлтүргөн кылмышка шектүүлөрдүн фотороботтору түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, экөө тең азиат улутунан, болжол менен 20-25 жашта. Биринин бою 175-180 сантиметр болсо, экинчиники 160-165 сантиметр.
Эскерте кетсек, Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда. Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка ИИМ 1 миллион сом берүүнү убадалаган.