Тышкы иштер министринин орун басары А.Бешимов бүгүн, 20-ноябрда Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Крутько менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министрдин орун басары Ош жана Жалал-Абад облусундагы жер титирөөдөн кийин жүздөгөн адамдар турак жайсыз калганын белгилеп, аларга тамак-аш, чатырларды берүүдө көмөк көрсөтүүнү орус элчисинен суранды.
Мындан сырткары тараптар эл аралык терроризм менен биргелешип күрөшүүнү талкуулашты. Ошондой эле ЖККУнун алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык жактан кызматташуу боюнча Кыргыз-орус комиссиясынын жыйыны каралды.