Токмокто 2002-жылкы балдар "41 жаштагы аялдын үйүнөн алтын зер буюмдарын жана акчасын уурдашты" деп шектелип жатышат. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 1974-жылы туулган Ж.Н. аттуу Токмоктун тургуну кайрылып, 19-ноябрда саат 16:50 чамасында белгисиз адамдар үйүнөн алтын зер буюмдарын жана акчасын уурдап кетишкени тууралуу арыз жазган.
Бул факт боюнча "уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 13 жаштагы балдар колго түшүштү. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда отурушат. Тергөө амалдары уланууда.