Жумгалда аң уулоого чыгып дайынсыз жоголгондордун бири кар астында тоңуп каза болду, экинчи адамды издөө уланууда

Жумгал районунда аң уулоого чыгып дайынсыз жоголгондордун бири кар астында тоңуп каза болду, экинчи адамды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 23-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгына 20-ноябрь күнү Жумгал районунда аң уулоого чыгып дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат түшкөн. Анда Миң-Куш айылынын беш тургуну аң уулоого Миң-Бугу аймагына чыгып, кайтып келе жатканда экөөсү башка жол менен барабыз деп бөлүнүп, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

Бүгүн, 23-ноябрда издөө үчүн жоголгон адамдардын туугандары жана айыл тургундары болуп жыйырма адам саат 01:30 чамасында чыгып, жоголгондордун биринин кар астында тоңуп каза болгон жансыз денесин Миң-Бугу жайлоосунун Зындан аймагынан табышкан. Экинчи адамды издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynystan
2015-11-23 13:02:19
Анчылыкты токтоткулачы туугандар азыр бизде баары барго кудайыма шугур..илгери адамдарга цивилизация келе электе анчылык кылып эптеп курсакты тойгузушкан башка жегени эчтеке жок..азыркы заманда не жетпейт жегенин алдында-жебегенин артында.. жаныбарлардын да пири болот убалы болот..токтотолучу мындай манкурттукту.. эми шериги табылып калсын эсен аман
+4
karona
2015-11-23 13:22:46
Болунгонду бору жейт деген ушул да, тообо. Экинчиси аман эле болсо экен.
+3
Mars55
2015-11-23 15:06:48
Кожожаш болгонго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан