Кыргыз жарандарын алдоо жолу менен Орусияга алып келип, начар жумуш шарттарында иштеткен аял колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзүн Чыныгүл деп тааныштырган КРнын жараны тигүүчү болуп иштөөгө макул болгон 14 адамды Бишкектен Москвага алып келип, андан соң аларды Ковров шаарындагы тигүү цехинде иштеткен. Ал аял мекендештерине айына 80-90 миң рубль төлөп берүүнү убадалаган.
"Орусиянын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аталган цехке барганда, ишкана ичинен жабык болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери темир эшикти ачканда, цехте КРнын 17 жараны иштеп жаткан, алардын 8и Бишкектен Москвага келген 14 адамдан турган топтон болушкан",- деп билдирет мекеме.
"Цехтин администратору жарандардын паспортторун алып, алардын ар биринен "салык үчүн" деп ай сайын 5 миң рублдан алып турган. Орто эсеп менен тигүүчүлөр айына 7-8 миң рубль акча каражатын колуна алышкан. Мындан тышкары алар начар шарттарда жашашканы жана тамактанышканы анык болду",- деп жазылат маалыматта.
Полиция кызматкерлеринин айтымдарында, тигүү цехинен белгилүү фирмалардын белгилеринин трафареттери жана даяр кийимдер табылган.
"Орусиядагы элчиликтин жана КРнын ИИМинин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери текшерүүлөрдү жүргүзүп, 8 кыргыз жаранына паспортторун кайтарып беришти. Андан соң алар коңшу Москва облусундагы ири тигүү фабрикасына өз ыктыяры менен жумушка орношушту. Калган 9 жаран Чыныгүл аттуу администратор аялдын туугандары жана жакындары болгондуктан, жумушка орноштуруу жардамынан баш тартышты",- деп кошумчалайт элчилик.
Учурда аталган факт Орусиянын ИИМинин Ковров шаары боюнча башкармалыгында катталган, тергөө алдындагы текшерүү амалдары уланууда. Алардын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат.