Ошто “Хизбут-Тахрир” жана “Салафия” агымдарынын 7 мүчөсүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү

Ош шаардык сотунун санкциясынын негизинде диний-экстремисттик “Хизбут-Тахрир” жана “Салафия” агымдарынын 7 мүчөсүнүн жашаган үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Тиешелүү кызматкерлер 7 даректе бир убакытта тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда төмөнкүдөй көрүнүштөр катталды:

  1. Нариман айыл округунун тургуну, 1981-жылы туулган С.Кнын үйүн тинтүүдө 27 даана ар түрдүү китептер, 27 даана диск, Нокиа Х2-05 үлгүсүндөгү телефондор далил буюм катары алынды.
  2. Савай айыл округунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну, 1974-жылы туулган М.Внын үйүнөн 7 даана ар түрдүү китептер, 13 даана диск, 2 даана өзбек тилинде жазылган дептер, 4 даана календарь далил буюм катары алынды.
  3. Савай айыл округунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну, 1962-жылы туулган Н.А. жана уулу, 1992-жылы туулган А. уулу Анын үйүн тинтүүдө 60 даана диск, 1 даана процессор, 1 даана видеокассета, 1 даана тир мылтыгы, 1 даана колго жасалган канжар, 1 даана ок атуучу куралдын оптикалык дүрбүсү далил буюм катары алынды.
  4. Кашкар-Кыштак айыл округунун Мөнөк айылынын тургуну, 1964-жылы туулган К.Анын үйүнөн 4 даана баракча, 3 даана диск, 2 даана аудиокассета, 2 даана флеш-карта далил буюм катары алынды.
  5. Төлөйкөн айыл округунун Дыйкан айылынын тургуну, 1974-жылы туулган Ю.Жнын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 11 даана диний китеп, 5 даана кол жазма дептер, 1 даана диск, ноутбук далил буюм катары алынды.
  6. Нариман айыл округунун 1973-жылы туулган А.Р. аттуу тургунунун үйүн тинтүүдө 2 даана диний китеп, 3 даана диск, 1 даана уюлдук телефон, 1 даана флеш-карта далил буюм катары алынды.
  7. Төлөйкөн айыл округунун Дыйкан-Кыштак айылынын 1973-жылы туулган М.М. аттуу тургунунун үйүн тинтүү учурунда эч кандай мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ailo
2015-11-26 13:00:47
Акмактар. ХХХ ХХХ ХХХ ушуларды. Олум жазасын киргизип ХХХ ХХХ!!!
+1
admin_portal
2015-11-26 13:23:38
Ailo - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
tursunbaev2004
2015-11-26 20:57:45
Баары туугандар 100 пайыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан