Бакудагы мечитте орун алган атышуудан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү жана 2 полиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Азербайжандын Башкы прокуратурасына шилтеме берип 26-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуяга байланыштуу полиция тарабынан 14 адам колго түшүрүлгөн. Полиция кызматкерлери менен мечиттегилердин ортосундагы атышууда автомат жана гранаталар колдонулган. Укук коргоо органдары ал жерде теолог Тале Багирзадени кармоо операциясын жүргүзүшкөн. Операция намаз окуу учурунда болгондуктан, бул мечиттегилердин кыжырдануусун пайда кылган.