Ысык-Көл облусунда эч ким жашабаган 4 кабаттуу үйдөн ок атуучу курал жана баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган турак жай Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан. "Үйдүн ичине издөө жүргүзүшкөн чек арачылар Шпагин тапанчасын, узундуктары 16 миллиметрге барабар эки ок жана 70 грамм марихуана табышкан. Тиешелүү документтер катталган соң, мылтык менен баңгизат ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.