Кармоо учурунда октон жарадар болуп кармалган качкын Эдил Абдрахманов №47-колониянын ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда анын абалы туруктуу, дарыгерлер күн сайын анын ден соолугун текшеришүүдө. "Аны менен тергөөчүлөр жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жолугушууда. Ал эми ата-энеси менен жолугушканга соттун чечими керек. Абдрахманов сакайып, басып баштаганда СИЗОго которулат",- деп кабарлашты мекемеден.
Эскерте кетсек, түрмөдөн качуу болгондон 10 күн өткөндө, 22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагынан Эдил Абдрахманов тирүү кармалган.