Бишкек. Арча-Бешиктин тургуну милиция кызматкери менен уруша кетип, анын формасын айрып салды

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун тургуну милиция кызматкерлери менен уруша кетти. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

"3-декабрда саат 03:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Т.Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. Атайын топ аталган кесилишке барганда, төмөнкү окуя болгону аныкталган:

Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү максатында Мазда үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу алардын талаптарына баш ийбей, милиция кызматкерлерин сөгүп, аймактык милиционердин формасын айрып салган.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде катталган. Мазданын айдоочусу Арча-Бешиктин 32 жаштагы Б.Жанузак аттуу тургуну экени аныкталды. Ал убактылуу Ленин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mars55
2015-12-04 11:51:27
Биздин милициялардын формасы чирип калганго уруша кетсе эле айрылып пагону жулунуп кетет.
+7
don_quixote
2015-12-04 11:58:52
Жазасын алсын эми. Ушундайларды укканда эле жанын кашаят да. Тим эле терминатор болуп кетишет. жон эле правасын корсото бербейби.
+4
nur4607
2015-12-04 14:02:39
don_quixote, жон корсотуп койсон жон эле текшерип бере коймок беле? Дароо протокол жазат кылбаганды кылды деп жанынды кашайтат, кол койбогонуна карабайт анан кантип жон эле берип коесун, артистсинго
0
AiBoru
2015-12-04 12:03:21
Кызуу болсо керек да, соо киши тунку 3.30тынч уйкуда болмок. Же бир "Жортуулга" чыккан
+4
Izdeim_seni.
2015-12-04 12:08:20
Эми сабашабы эми милиция байкелер аны. Же антбейби?
+2
Alexus
2015-12-04 12:36:20
Ким болсода куну буткон экенда милиция милициялыгын кылатда.
+1
bah_tee
2015-12-05 17:49:56
Ошого жараша милиция да меесин жесе керек да формасын эмес жаагын эле айра койбоптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан