Бишкек. Ак-Ордодогу кафенин эшигин сындырып кирип, 8 миң сомго зыян келтирген 30 жаштагы адам кармалды

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы кафенин эшигин сындырып кирип, 8 миң сомго зыян келтирген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун 46 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар Ак-Ордодогу кафеге кирип, уурулук кылганын айткан. Жалпысынан 8 миң сомго зыян келтирилгени аныкталган. "Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Ленин РИИБинин кызматкерлери Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну Т.Тилекти кармашты. Тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан