Ош облусунун Алай районунда күчү 3,8 балл болгон жер титирөө катталды

Ош облусунун Алай районунда кечээ, 8-декабрда саат 18:57де эпицентрде 3,8 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасында болуп, Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай, Сары-Таш айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышты карай, Дароот-Коргон айылынан 115 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Сары-Дөбө айылында 3,5 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 балл болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elgiz0890
2015-12-09 14:53:16
Аллах ОЗУ сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан