Спикер БШКнын ишине кийлигишүү боюнча Аида Салянованын суроосун жоопсуз калтырды

Жогорку Кеңештин 13-январдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков депутат Аида Салянованын Борбордук шайлоо комиссиясы боюнча берген суроосун жоопсуз калтырды. Жыйынга парламенттин эки депутатынын мандаттан ажыратылышы боюнча БШКнын өкүлдөрү чакырылган, бирок маалымат угууну артка жылдырышты.

Төрага: "Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине эч ким кийлигише албайт. Комиссия мүчөлөрүнүн маалыматын угабыз, болду. Эгерде комиссия туура эмес чечим чыгарган болсо, аны сот гана жокко чыгара алат",- деп билдиргенден кийин депутат Салянова БШКнын мүчөлөрүнө депутаттардын суроо бериши БШКнын ишине кийлигишүү экенин же андай эместигин тактамакчы болду.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине эч ким кийлигише албай турганын айттыңыз. Депутаттардын суроо берип жооп алышы дагы кийлигишүү болуп эсептелеби? Алардын маалыматын угуш үчүн гана парламентке чакыруунун эмне кереги бар? Маалыматын интернеттен деле окуп алабыз",- деди Салянова.

Төрага жекече берилген суроону жоопсуз калтырып, эртеңкиге чейин танапис жарыялап жыйынды жапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан