Биринчи Май райондук аскер комиссариатында аскердик билетти мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук аскер комиссариатында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери М.А. аттуу жаранга аскердик билетти мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу 25-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2004-жылы М.А. Биринчи Май РАК аскерге чакыруу комиссиясы менен кызматка жарактуу деп табылган жана альтернативдүү кызматка чакырылган. Бирок 2013-жылы М.А. гарнизондук жана госпиталдык аскердик-дарыгерлик комиссиясынан медициналык кайра күбөлөндүрүүнү өтпөй туруп саптык кызматка жарактуу деп табылган. Ага аскердик билет берилген.

Мында Кыргыз Республикасынын “Куралдуу күчтөргө, башка аскердик түзүлүштөргө жана аскердик кызмат каралган (тынч жана согуш мезгилинде) КРнын мамлекеттик органдарына медициналык күбөлөндүрүүнүн жобосун бекитүү жөнүндө” токтомунун талаптары бузулгандыгы аныкталган. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-01-25 10:54:50
Армияга барбай туруп жумушка орношоюн десе керек ушундайлар кобойду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан