Өткөн жумада "мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелип кармалган Руслан Түмөнбаев өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошотулган. Бүгүн, 25-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги спортчунун расмий билдирүүсүн таратты.
"Коомчулукта менин МАИ кызматкерлери тарабынан кармалышым кызуу талкууларды жаратты. Айта кетчү нерсе, бул окуя тууралуу жазылган нерселер чындыкка дал келбейт. Жагымсыз окуя мен башкарып бараткан унааны МАИ кызматкерлери тарабынан токтотуу учурунан башталды. Кызматкер тиешелүү документтерди текшергенден кийин бир нече жолу менин аброюма атайылап шек келтирип баштады, мындай нерсеге жол берилбеши керек. Ар бир эркек өзүнүн сөзүнө жооп берүүгө тийиш. Мен кызматкерлерге карата эч кандай күч колдонгон эмесмин. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, мен алкоголдук ичимдиктерди ичпейм. "МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Мен спортчу катары олимпиадалык принциптерди карманып, алган билимимди жана болгон күчүмдү спортто гана колдоном",- дейт Р.Түмөнбаев.
Эске салсак, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Р.Түмөнбаев токтотулган. Тиешелүү документтери жок болгондуктан, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан. Республикалык наркологиялык борбордон ал мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөн жана ага тиешелүү документтер да жок болуп чыккан.
Факт боюнча "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" жана "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.