Борбордо "уурулукка кирип, сыналгыны уурдаган" деген шек менен 55 жаштагы киши кармалды

Борбор калаада "уурулукка кирип, сыналгыны уурдаган" деген шек менен 55 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы С.Сергей кайрылган. Анда ал Токтоналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен белгисиз адамдар 15 950 сомдук сыналгысын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 55 жаштагы П.Владимир кармалды. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2016-02-03 16:30:03
Карыганда жон эле журбойт бекен эми урулук кылбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан