Бишкекте бир катар уурулуктун бети ачылды

Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 4-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБине 48 жаштагы борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар жашы жете элек уулунун телефонун тартып алышкандыгын билдирген. Бул кылмышка шектелип Аламүдүн районунун тургуну Р. кармалган.

Ушундай эле арыздар менен 21 жаштагы К.Ш. жана 20 жаштагы И.Д. милицияга кайрылышкан. Алар 2016-жылдын 1-февраль күнү Фучик жана Ленский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуу менен 2000 жана 2400 сомун тартып алышкандыгын билдиришкен. Бул ишке шектүү катары 29 жаштагы Т.А. жана У.Э кармалган. Азыркы учурда алардын үстүнөн “уурулук” беренеси боюнча иш козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jonl86
2016-02-04 18:24:44
Мм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан